Руслан Бекназаров бир айга камакка алынды

  • 2 года мурун

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 12-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Бүгүн, 15-сентябрда Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралды.

Ал кечээ, 14-сентябрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Руслан Бекназаров Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп иштеп келген.

Сүрөт: Рита Карасартова

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты