Руслан Бекназаров: «Азимбек Бекназаровдун баракчасына постторду чыгарып жатасың деп өкүл баламды кармап кетишти»

  • 11 месяцев мурун

«Азимбек Бекназаровдун баракчасына постторду чыгарып жатасың деп өкүл баламды кармап кетишти», — деп Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жасады.

Руслан Бекназаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. «УКМКнын кызматкерлери Нишанбай Ыманкулов деген инимди күнөөлөп алып кетишти. Фейсбуктагы Азимбек Бекназаров аккаунту атамдын өзүнө тиешелүү. Ал фейк аккаунт эмес. “Азимбек Бекназаров” аккаунтунан чыгып жаткан материалдардын ар-биринин кол жазмасы дагы бар. Ал кол жазмалар, чыгарылып жаткан посттор атамдыкы экенин атам танбайт. “Азимбек Бекназаров” аккаунту фейк эмес, өзүнүн расмий баракчасы», — деп жазды ал.

Видео кайрылуусунда Руслан Бекназаров Нишанбай Иманкулов анын өкүл баласы экенин айткан.

УКМК азырынча расмий маалымат тарата элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты