Өрт кырсыктарынын 60%ы электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам чыгууда
- 6 месяцев мурун
Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү электр жабдууларын туура эмес пайдалануунун кесепетинен келип чыгууда. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы убактарда көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда электр жабдууларынан чыккан өрттөрдүн саны кескин өсүүдө. 2025-жылдын 11 айында республика боюнча жалпы 3388 өрт кырсыгы катталган, алардын дээрлик 60%ы электр коопсуздугунун эрежелери сакталбагандыктан улам чыккан.
Өрттөрдүн негизги себептери катары төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- бузулган же эскилиги жеткен электр чубалгылары;
- электр зымдарын орнотууда туура эмес монтаждоо;
- электр тармагына ашыкча күч келтирүү;
- сапатсыз же арзан материалдарды колдонуу;
- автоматтык өчүргүчтөрдү туура эмес тандоо;
- кыска туташуулар.
ӨКМдин маалыматына караганда, мындай өрттөр бат жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жаратып, турак жайга жана мүлккө ири материалдык зыян алып келет. Министрлик жарандарды электр жабдууларын пайдаланууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.




