“РГД-5” гранатасын жана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын мыйзамсыз сактап жүргөнгө шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун

“РГД-5” гранатасын жана “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасын мыйзамсыз сактап жүргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

27-январда Чүй облусунун ИИББге жаран “А” Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында курал-жаракты, жардыргыч заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап, колунда бар жарандардын мүлкүн жана акчасын опузалап талап кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт Токмок ШИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

28-январда Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнүн тергөөчүлөрү жана ыкчам кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылында жайгашкан үйдү тинтүү учурунда 1986-жылы туулган Б.А. кармалып, андан 1977-жылы чыгарылган, 9 мм калибрдеги “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчасы, 17 даана 9х18 мм калибрдеги ок-дарысы, “РГД-5” гранатасы табылган. Кармалган жаран 1986-жылы туулган Б.А. мурда бир нече жолу соттолгон, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан опузалап акча талап кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Кылмышка шектүү жаран 1986-жылы туулган Б.А. Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты