Reuters: Орусия казакстандыктарды жарнама аркылуу армияга тарта баштады

  • 12 месяцев мурун
Reuters: Орусия казакстандыктарды жарнама аркылуу армияга тарта баштады

Орусия келишим менен орус армиясында кызмат өтөөгө чет элдиктерди да тарта баштады.

Reuters маалымат агенттигинин кабарлашынча, Казакстандын интернет сегментинде Орусиянын «чет элдик бир туугандарга» багытталган жарнамасы пайда болду.

Жарнаманын башындагы кадрда Казакстан менен Орусиянын туулары көрсөтүлгөн жана «Плечом к плечу» деген ураан жазылган. Текстинде орус армиясы менен келишим түзүп, согуштук аракеттерге катышууну каалагандарга 495 миң рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм, андан кийин кеминде 190 миңден айлык маяна жана «кошумча төлөмдөр» убада кылынган. Агенттик бул сандар Москвадагы жана Москва облусундагы келишим менен кызмат өтөп жаткандарга төлөнүүчү төлөмдөргө окшош экенин белгилейт.

Жарнама кадрларды тандоого адистешкен Сахалин облусунун Адам капиталын өнүктүрүү агенттиги тарабынан түзүлгөн мамлекеттик веб-сайтка алып барат. Келишимге ошол жерде, Сахалинде кол коюу сунушталууда.

Соцтармактардын колдонуучулары дал ушундай жарнак Армениянын интернет сегментинде да пайда болгонун кабарлашты.

Январь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу үч жыл ичинде орусиялык аскерлердин санын 1,5 миллионго чейин көбөйтүү тапшырмасы турганын билдирген. 1-апрелден тарта Орусиянын Коргоо министрлиги келишимдик кызматка жаңы кадрларды кабыл алууну баштаган.

Кремль чет элдиктерди армияга тартуу жөнүндө маалыматка түшүндүрмө берген жок. Орусиянын өнөктөшү болгон Астана орустардын коңшу мамлекетке басып киришин айыптаган да, колдогон да эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты