Республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-мартта мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиаданын акыркы этабы старт алды. Олимпиаданын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, республикалык олимпиаданын финалдык этабына өлкөнүн ар кайсы аймагынан 324 окуучу катышууда.

Сынакта берилчү тапшырмаларды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору даярдаган.

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыл сайын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүп келет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку эки жылдан бери олимпиаданын IV — финалдык этабы өткөрүлбөй келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты