Республикалык кан борбору жарандарды чек ара чырынан жабыркагандар үчүн кан берүүгө чакырды

  • 2 года мурун

Республикалык кан борбору жарандарды чек ара чырынан жабыркагандар үчүн кан берүүгө чакырды.

Жаракат алган кыргызстандыктар үчүн кан тапшырууну каалагандар Бишкек шаары Ч.Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна кайрылса болот.

Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00 чейин;
Ишемби күнү 8:00 – 11:00 чейин.

Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болушу шарт.

Кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты