Республикалык бюджетке байланышкан мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

  • 2 года мурун

чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 миллиард 29 миллион сом экенин кошумчалап, бюджеттин тартыштыгы 21 миллиард 263 миллионн сомду же ИДПга карата 2,3 пайызды түзөөрүн белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутат Тазабек Икрамов саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү айтып, медициналык мекемелердин абалына, балдар жана өспүрүмдөр арасында илдеттердин көбөйүшүнө байланышкан маселелерди көтөрдү. Анын ичинен кымбат дарыланууга муктаж жарандарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады.

Андан тышкары, депутат Марат Мураталиев Талас районундагы медициналык мекемелерди заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселесине токтолсо, депутат Ырысбек Атажанов Баткен районунун социалдык-экономикалык маселелерин көтөрүп, бир катар айылдарга чек арага жакын аймак деген өзгөчө макам ыйгарууну демилгеледи.

Ошондой эле депутат Динара Ашимова Чуңкурчакка кеткен жол, Илимий-изилдөө институтунун Ботаникалык бакчасын сактоо жана өнүктүрүү боюнча суроолорду берди. Депутат Гуля Кожокулова республикалык бюджеттин чыгашаларын, мамлекеттик органдардын атайын эсебин оптималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселелерге токтолду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты