Раззаков шаарында Исхак Раззаковдун эстелиги орнотулду
- 2 года мурун
![Раззаков шаарында Исхак Раззаковдун эстелиги орнотулду](https://pk.kg/wp-content/uploads/2022/10/5abbd498-a500-4010-9edf-0aeda6bf5732.jpeg)
Баткен облусунун Раззаков шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эстелиги орнотулду. Эстеликти ачуу аземи бүгүн, 29-октябрда өттү.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы аземге өкмөт башчысы Акылбек Жапаров катышканын маалымдады.
Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунда туулган. Ал он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл Министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган. Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Ал жетектеген убакта Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.
Муну бөлүшүү