Равшан Жээнбековдун жубайынын камактагы мөөнөтү 24-сентябрга чейин узартылды

  • 1 год мурун

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 24-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-июлда кабыл алган.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган.

УКМК Алимбаеванын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек. Анын дагы бир адвокаты Разак Ашимбаев саясатчынын аялы Бишкектеги жер тилкелеринин сатылышына байланыштуу кармалганын билдирген. Сотко кирип бара жаткан учурда Алимбаева журналисттерге учкай комментарий берип, тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты