“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

23-октябрда “Aryba.org” сайтында “Равшан Жээнбеков камалды, ага башаламандык уюштурууга ири суммадагы акча келген” деген материал жарыяланган. Маалыматта күч органдары оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүн тинтүү учурунда чоң суммадагы акча жана курал-жарак тапканы айтылат.

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Жапырт кармалган активисттер 

23-октябрда Ички иштер министрлиги “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн жыйырмадан ашык оппозициячыл саясатчылар менен жарандык активисттерди кармап кеткен. ИИМ Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Белгилей кетсек, кармалган активисттер акыркы күндөрү кыргыз бийлигинин “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасында кабыл алган чечимдерине нааразы болуп жатышкан.

Ал эми 24-октябрда өлкөдө башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. 

Курал-жарак эмес, ноутбук жана каттар табылган

“Aryba.org” сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун үйүн тинтүү учурунда чоң суммадагы акча жана курал-жарак табылган. Белгиленгендей, саясатчы бул куралдар менен өлкөдө төңкөрүш жасоону пландап жүргөн. Чынында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Равшан Жээнбековдун үйүн тинтүү учурунда активист Адилет Балтабай жазган кат жана башка токтомдорду гана табышкан. Бул тууралуу Равшан Жээнбековдун жактоочусу Замир Жоошев билдирген. 

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

Протоколго ылайык,  Равшан Жээнбековдун үйүн тинтүү учурунда ИИМ кызматкерлери төмөнкү буюмдарды таап, текшерүү үчүн алышкан:

 — Macbook (ноутбук) жана Samsung үлгүсүндөгү телефон;

— Адилет Балтабайдын колу менен жазылган эки барак кагаз;

— “Саясатчылардын 16-июлдагы Таластагы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча токтом” баракчасы;

— Кой-Таш окуясында “Альфанын” курал колдонгондугун далил катары Жээнбеков сактап жүргөн 5 гильза алынганы белгиленет. 

Башкача айтканда, ИИМ түзгөн протоколго ылайык, чоң суммадагы акча жана көптөгөн курал-жарак табылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. 

Ал эми кабарда колдонулган сүрөт интернет айдыңына жарыяланган “курал жаракка бөгөт коюу учурунда” тартылган сүрөттөргө окшош. 

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

Мындан сырткары материалда жарыяланган сүрөттөрдөгү адамдар ким экени жана материалда кандай мааниде берилгени түшүндүрүлгөн эмес. 

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексинин 9-беренесинде “Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баш темаларын (заголовок) редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт. Материалдын тексти, интершоокумдар, маектер анын видео ирээтине шайкеш келиши кажет” деп көрсөтүлгөн. Aryba.org сайты бул материалында, сүрөттөрдүн булагын көрсөтпөстөн, кесип, маанисин түшүнүксуз кылып манипуляция жасаган. 

aryba.kg же aryba.org?

“Aryba.org” сайты Юстиция министрлигинин базасында официалдуу катталган эмес. Who.is домендерди текшерүү базасынан карап көрө турган болсок, сайт 2022-жылы 27-июнда каттоодон өткөнү жазылган. 

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

Сайттын “конфиденциалдуулук саясатына” байланыштуу анын кимге таандык экенин билүү мүмкүн эмес. Бирок “aryba.org” сайты буга чейин бир канча каралоочу жана манипулятивдүү маалыматтары менен белгилүү болгон “aryba.kg” сайтына абдан окшош экенин көрүүгө болот.

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

Factcheck.kg сайты белгилегендей “aryba.kg” сайтынын жетекчиси Асланбек Сартбаев буга чейин ар кандай окуяларга байланыштуу бир канча жолу ИИМде сурак берген. Мисалы, ал 2021-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашевдин жердигине байланыштуу дискриминациялык пост жазганы үчүн “ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча суракка чакырылган. 

Ал эми президент Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоого чейин “Aryba.kg” сайтына эки жолу маек берген. 

aryba.kg сайтындагы маалыматтарды карап көрө турган болсок, президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу позитивдүү маанайдагы маалыматтар жарыяланганын көрүүгө болот. 

Медиасын:  “Aryba.org” сайты фактыга негизделбеген жана манипулятивдүү маалыматтарды жарыялайт

Aryba.org сайтында оппозициячыл саясатчы жана активисттерди бир тараптуу каралаган материалдар жарыяланган.

“Равшан Жээнбековдун үйүнөн ондогон курал чыкты”. Aryba.org сайтынын калпы жана манипуляциясы (Фактчекинг) 

Мындан сырткары, “Кемпир Абад” суу сактагычы боюнча маселеде бийликти сындаган депутат Мирлан Самыйкожо жана Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров тууралуу да одоно жана этикага таптакыр туура келбеген маалыматтар жарыяланган. 

Ал эми Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков сыяктуу активисттердин жана саясатчылардын жекелигине өтүп, кемсинткен маалыматтар чыккан. 

Аталган материалдардын баары автордун жеке оюна таянып жазылып, факты жана далилдер келтирилген эмес. 

Кыргызстан журналисттеринин этикалык кодексининин 8-беренесине ылайык, журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү экени көрсөтүлөт. 

“Aryba.org” сайтында жарыяланган материалдар дээрлик бардык пункттары боюнча журналисттик этикага каршы келет. 

Жыйынтык: “Aryba.org” сайты Равшан Жээнбековдун үйүн тинтүү учурунда курал-жарак жана чоң суммадагы акча табылганы жөнүндө жалган маалымат жарыялаган. Мындан сырткары Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликке каршы болгон активисттер тууралуу этикага таптакыр туура келбеген, каралоочу маалыматтар жарыяланган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты