Равшан Жээнбеков: «Садыр Жапаровдун алтын комиссиясын оппозиция жетектесин деген сунушун кабыл алдык»

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, алтын комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун деп айткан.

«Бир грамм алтын көзөмөлсүз эч жакка сатылып кетпейт. Айрым депутаттар, саясатчылар текшерип чыгалы деген сунуштарын айтып жатышпайбы, эч каршылык жок. Текшерүү комиссиясынын башына оппозициядан коюшсун. Же эң сабаттуу депутатты комиссиянын башына коюп, былтыртан берки алтындын ар бир граммын текшерип чыгышсын. Коомчулуктун атынан Азимбек Бекназаровду, алтындын «а» тамгасынан түшүнүгү жок жаш балдар чыгып атышат, аларды да кошуп алса болот. Алтын боюнча тагыраак маалымат билип алгандары өздөрүнө да жакшы болот. Канча алтын чыкты, кайда, канчадан сатылды жана башка бардык суроолуу маселелери болсо текшерип чыгып, элге ачык жарыялашсын», — деп билдирген Садыр Жапаров.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына: «Садыр Жапаровдун алтын комиссиясын оппозиция жетектесин деген сунушун биз туура кабыл алдык. Оппозиция жетектөөгө жана мүчө болууга макул. Бийликтен бул боюнча конкреттүү сунуш күтөбүз», — деп жазды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты