Равшан Жээнбеков абакта психологиялык басым болуп жатканын билдирди

  • 2 недели мурун

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков абакта психологиялык басым болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы баракчасына сотто сүйлөп жаткан видеосу жарыяланды.

«Түрмөдө мага жана Азимбек Бекназаровко карата психологиялык басымдар башталды. Камерабызга ылайыгы келбеген адамдарды кошуп бизге басым болууда», — деп жазды ал.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталууда. Мындан тышкары Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты