Райондук сотто Өндүрүш Токтонасыров күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салынды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 19-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров күнөөлүү деп табылып,  100 миң сом айып салынды.

Өндүрүш Токтонасыров соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын айтты.

“Бул менин жарандык позицияма жана укук коргоочулук ишиме байланыштуу чечим. Укук коргоочулук ишиме бут тосуу катары баалайм” деди ал соттун чечиминен кийин журналисттерге берген комментарийинде.

18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда прокурор Айжамал Мырзасапарова укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду үч жылга абакка кесип, сот залынан камакка алууну сурады. Адвокат укук коргоочунун күнөөсү далилденбегенин айтып, Өндүрүш Токтонасыровду актоону өтүндү.

Өндүрүш Токтонасыровго кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен козголгон кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда өткөн жылдыын сентябрь айынан бери каралууда. 

2023-жылы 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары “кастыкты козуткан” деген тыянак чыккан.

Ага каршы кылмыш иши 2023-жылдын 30-мартында козголгон. Өндүрүш Токтонасыров өзү бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

66 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.

Сүрөт: Өндүрүш Токтонасыров мурдагы акция учурунда. 5-сентябрь 2002-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты