Райондук сот Бишкекте Орусия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ар түрдүү митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу соттун канцеляриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сотко акция өткөрүүгө чектөө киргизүү тууралуу арыз менен Биринчи май райондук милициясы кайрылган.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды.

Мындай иш-чараларды Бишкектин Максим Горький атындагы скверде уюштурса болот.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин Орусиянын Кыргыстандагы элчилигинин алдында орус бийлигин сындап, Украинаны колдогон бир нече акция өткөн. Тескерисинче, Орусияны колдогон да пикет болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты