Раиса Атамбаеванын арызы боюнча кылмыш иши козгоодон баш тартылды

  • 2 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаев милицияга арыз менен кайрылган.

Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, Раиса Атамбаева 30-майда Кой-Таш айылында белгисиз адамдар үйдүн сырткы эшигинин кулпусун бузуп киргени боюнча арыз жазган. «Тергөөгө чейинки текшерүү үйдүн азыркы ээси мамлекет экенин көрсөттү. Бул күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү Сот аткаруучулар кызматынын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте объектти мамлекеттин менчигине алуу жол-жоболорун аяктоо үчүн келишти. 1-июнда Аламүдүн РИИБи кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты