Рахмон Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүү зарылдыгын кайра кайталады

  • 2 года мурун

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон  Пакистанга болгон сапарында коңшу Ооганстан менен бирге саясий жана этникалык күчтөрдүн катышуусунда инклюзивдүү өкмөт түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз көп азап көргөн Ооганстан жеринде тынчтык жана туруктуулук орношуна кызыктарбыз», -деди Рахмон.

Тажикстан кенже Ахмат Масуд жетектеген Ооганстандын Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун колдосо, Пакистан «Талибан» радикал кыймылын колдойт.

Талибдер Ооганстанда бийликти 2021-жылы августта басып алган. Ошондон бери «Талибан» кыймылы түзгөн өкмөтү дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек. Тажикстан менен Ооганстан ушул тапта энергетика тармагында гана кызматташып келет.

Пакистан өкмөтүнүн азыркы башчысы Шахбаз Шариф Рахмон менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында Ооганстанда инклюзивдүү өкмөт түзүү жөнүндө кандайдыр бир билдирүү жасаган жок.

Буга чейин талибдер өткөн жылы түзүлгөн өкмөткө үч тажик жана эки өзбек киргенин айтышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты