«Радуга» пансионатындагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдөгү «Радуга» пансионатында болгон мушташ боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган. Алардын үчөө эс алуучу, сегизи пансионаттын коопсуздук кызматынын кызматкерлери.

Кечээ тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери катары кармалган 34 жаштагы М.Э. Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мушташка катышкан адамдардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, окуянын катышуучуларынын бири пансионатта меймандарын кабыл алган. Келген коноктордун бири көл жээгине жакын жерде заара кылып жатканда аны коопсуздук кызматынын кызматкери көрүп калып, эскертүү берген. Ал эскертүүгө көңүл бурган эмес. Натыйжада экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик болуп, ал мушташка айланган.

Кийин облустук милициядан бул иш боюнча 18 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты