Үрүмчү–Бишкек–Үрүмчү аба каттамы 21-июнда жанданат
- 2 года мурун
Үрүмчү–Бишкек–Үрүмчү аба каттамы 21-июндан тартып жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдарды “Түштүк Кытай” авиакомпаниясы аткарат.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдары 2020-жылдын март айынан бери пандемияга байланыштуу токтоп турган.
Муну бөлүшүү