Үрөй учурган жол кырсыгы: Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

  • 1 год мурун

 Ак-Ордо конушунда №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча КЖКнин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Кармалган айдоочу 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, күн мурун Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен маршрутканын бир жүргүнчүсү каза болуп,бир нече жаран жабыркаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты