Путинге «Талибанды» тыюу салынган уюмдардын катарынан чыгаруу сунушталды

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги президент Владимир Путинге «Талибан» кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарууну сунуштады.

Бул тууралуу ТАСС президенттин Ооганстан боюнча өкүлү Замир Кабуловго шилтеме берүү менен билдирди.

1996-2001-жылдары Ооганстанда бийликте турган талибдер чет элдик аскерлер чыгарылып кеткенден кийин, 2021-жылы өлкөдө бийликти кайра кайтарып алышкан. Орус бийлиги кыймылдын өкүлдөрү менен активдүү байланышта жана анын делегациялары Орусияга үзгүлтүксүз келишет. ТАСС талибдердин өкүлдөрү 5-8-июнь аралыгында өтө турган Петербург эл аралык форумуна чакырылганын тактады.

Ошол эле маалда орус бийлигинин талибдер менен тыгыз кызматташтыгына карабай, Орусияда бул кыймылга тыюу салынып, террордук уюм катары таанылган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров талибдерди террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу сунушу «объективдүү чындыкты чагылдырат» деди.

2021-жылдын октябрь айында Владимир Путин Орусия талибдерди террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимине жакындап жатканын, бирок мындай чечим алгач БУУнун деңгээлинде кабыл алынышы керек экенин айткан. Ал Орусия талибдердин өкүлдөрү менен кызматташып, аларды Москвага чакырып, Ооганстандын өзүндө алар менен байланышта экенин белгилеген.

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден бери адам укуктары жапырт түрдө бузулууда. Светтик мыйзамдар дээрлик толугу менен шарият мыйзамдары менен алмаштырылды. Диссиденттерди куугунтуктоо, эл алдында өлүм жазасына тартуу орун алууда. Аялдар билим алуу жана иштөө укугунан ажыратылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты