“Путинге импичмент жарыялоо сунушталды”. Текшеребиз

“Путинге импичмент жарыялоо сунушталды”. Текшеребиз

Социалдык тармактарда Россиянын президенти Владимир Путинге импичмент жарыялоо сунушу Мамлекеттик Думанын депутаттарына берилгени талкууланып жатат. “ПолитКлиника” бул маалыматты текшерип көрдү.

“Путинге импичмент жарыялоо сунушталды”. Текшеребиз

Нурбек Токтакунов бөлүшкөн документ, Санкт-Петербург шаарынын «Смольнинское» муниципалдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын чечими. Кайрылуу авторлорунун айтымында, Путиндин атайын аскердик операция баштагандан берки аракеттери Конституциянын 93-беренесине туура келет. Ага ылайык, президент мамлекетке чыккынчылык кылган же башка оор кылмыш жасаган деген айыптын негизинде кызматынан четтетилиши мүмкүн. 

Россия Федерациясынын президентин кызматтан алууну Мамалекеттик Думанын депутатарына сунушташкан. Ошондой эле, президент Путиндин “Атайын согуштук операцияны” баштоосу Россиянын жана анын жарандарынын коопсуздугуна шек келтирери жазылат. 

Бул документти, Смольнинск муниципалдык кеңешинин депутаты Дмитрий Палюга өзүнүн Твиттер баракчасына болүшкөн. Россиялык ММКлар дагы Дмитрий Палюгага шилтеме берип, бул маалыматты жазышкан. 

“Путинге импичмент жарыялоо сунушталды”. Текшеребиз

Бирок, муниципалдык кеңештин сайтынан бул маалыматты тактоо мүмкүн болгон жок. 

Талкууланып жаткан дагы бир кайрылуу, Москва шаарынын Ломоновская муниципалдык округунун депутаттары тарабынан сунушталган. Ал сунушта төмөндөгүлөр жазылган: 

“Сиз жана сиздин кол астыңыздагылар узак убакыт бою чыдамсыздык жана агрессия менен колдонуп келген риторика, акыры, биздин өлкөнү “Суук согуштун” дооруна алып келди. Дүйнө кайрадан Россиядан коркуп, жек көрө баштады. Биз кайрадан бүткүл дүйнөнү ядердик курал менен коркутуп жатабыз. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, сиздин көз карашыңыз, башкаруу моделиңиз үмүтсүз эскирип, Россиянын өнүгүүшүнө тоскоол болуп жатканына байланыштуу, кызматтан кетүүнүздү суранабы”.  

Ломоновкий муниципалдык кеңешинин бул сунушун, кеңештин депутаты Тимофей Николаев өзүнүн Твиттердеги баракчасына бөлүшкөн.  

“Путинге импичмент жарыялоо сунушталды”. Текшеребиз

Депутаттар суракка чакырылды

Санкт-Петербург шаарынын «Смольнинское» муниципалитетинин жети депутаты «армияны дискредитациялоо» боюнча протоколдорду түзүү үчүн полицияга чакырылган. Бул тууралуу Mediazona алардын бири, депутат Дмитрий Палюгага шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Никита Юферев тарабынан жарыяланган Санкт-Петербургдун Борбордук округу боюнча Ички иштер министрлигинин скриншоттогу билдирүүсүндө, «учурдагы өкмөттү дискредитациялоого багытталган аракеттер» 7-сентябрда саат 19:00 чамасында муниципалдык депутаттар тарабынан жасалганы айтылат. Маалым болгондой, Юферевден тышкары Дмитрий Палюга өзү, Дмитрий Балтруков жана Диана Серая да ушундай эле чакырууларды алышкан. 

Жыйынтык: Санкт-Петербург шаарынын «Смольнинское» муниципалитетинин жана Москва шаарынын Ломоновская муниципалдык округунун депутаттарынын Россия президенти Владмимир Путинге, импичмент боюнча сунуш киргизгендери чын. Бул маалыматты депутаттар тастыкташкан. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты