“Путиндин атасы уулу төрөлгөнгө чейин он жыл мурун каза болгон” же “Биринчи каналдын” ляптары. Фактчекинг

“Путиндин атасы уулу төрөлгөнгө чейин он жыл мурун каза болгон” же “Биринчи каналдын” ляптары. Фактчекинг

21-ноябрда Орусиянын “Биринчи канал” телеканалынын кечки жаңылыктар топтомунда Нюрнберг процессининин башталганына 77 жыл толгонуна байланыштуу эл аралык форумдун ачылганы тууралуу сюжет көрсөтүлгөн

Сюжеттин алдындагы жүгүрмө сапта Орусиянын президенти Владимир Путиндин сөзү берилип, авторлор президенттин атасы 1941-1943-жылдары болгон Нева пиглетиндеги* салгылашта каза болгонун көрсөтүшкөн. 

“Путиндин атасы уулу төрөлгөнгө чейин он жыл мурун каза болгон” же “Биринчи каналдын” ляптары. Фактчекинг

“Сот карапайым калктын өлтүрүлүшүн Ленинграддын блокадасы сыяктуу эле расмий түрдө аскердик кылмыш деп тапты. Тергөөчүлөр мындай фактыларды келтиришти: фашисттер шаарга киришмек эмес, алар адамдарды аёсуз алышкан. Бул тууралуу президент Владимир Путин дагы айткан, анын атасы Нева пиглетинде душман шакегин жарып өтүп каза болгон”, — деп жазылат субтитрде. 

Социалдык тармактын колдонуучулары Владимир Путин 1952-жылы, тагыраагы, сюжетте атасы өлдү деп көрсөтүлгөн убактан он жылдан кийин төрөлгөнүн айтып, бул маалыматтын чындыкка дал келбей турганын жазып чыгышты. 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү. 

Нева пиглетинде салгылашкан, бирок согуш учурунда каза болгон эмес

Владимир Путин 2005-жылы май айында НТВ телеканалынын “Жеңиштин жаралышы” аттуу берүүсүндө атасы Владимир Спиридонович Путин Ата-мекендик согушта партизандар отрядында болгонун, кийин Нева пиглетинде согушканын айткан. Кичүү Путиндин айтымында, атасы Нева пиглетинде немис чептерин карай сокку урганда гранатанын сыныгы тийип, бутунан жаракат алган. Оор жараат алган Путинди салгылаштан жердеши алып чыгып, ооруканага жеткирген. Владимир Путин атасы өзүн куткарган жердеши менен кийин 20 жылдан кийин жолукканын айткан. 

Демек, Владимир Путиндин атасы Нева пиглетинде согушканы чын, бирок ал согуш учурунда каза болгон эмес.

* Нева пиглети — Экинчи Дүйнөлүк согушта Ленинград үчүн болгон салгылаш учурунда (1941-1943-жылдары) совет аскерлери колго алып, кармап турган плацдармдын шарттуу аталышы.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Владимир Спиридонович Путин 1911-жылы Тверь губерниясынын Поминово айылында төрөлгөн. 1941-жылдын июнунан тартып Ата-мекендик согушка катышкан. Жубайы Мария Ивановна Шеломова менен согушка чейин Виктор аттуу уулдуу болушкан. Бирок уулу Ленинград блокадасы учурунда чарчап калган. Кийин 1952-жылы болочоктогу орус президенти Владимир Путин төрөлгөн. Алардын Виктор жана Владимирден башка Альберт аттуу уулу болгону айтылат. Бирок ал тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе. 

“Путиндин атасы уулу төрөлгөнгө чейин он жыл мурун каза болгон” же “Биринчи каналдын” ляптары. Фактчекинг
Владимир Путин ата-энеси менен, 1985-жыл

Владимир Спиридонович Путин 1999-жылы 2-августта уулу Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн жетекчиси болуп дайындалганга бир канча күн калганда көз жумган. 

“Биринчи канал” жогорудагы сюжетте Путиндин атасы тууралуу жазылган бөлүктү оңдоп, анын Нева пиглетинде каза болгону тууралуу маалыматты алып салды. 

“Путиндин атасы уулу төрөлгөнгө чейин он жыл мурун каза болгон” же “Биринчи каналдын” ляптары. Фактчекинг

Жыйынтык: Орусиянын президенти Владимир Путиндин атасы Экинчи Дүйнөлүк согушта Нева пиглетинде согушуп жатып каза болгону тууралуу маалымат жалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты