Путинди ким жана эмнеден дарылайт? «Проект» ракты дарылаган Путиндин дарыгерлер тобу жөнүндө айтып берди

“Проект” басылмасы Орусиянын президенти Владимир Путиндин ден соолугуна кам көргөн адамдар тууралуу иликтөө жарыялады. Анда журналисттер Владимир Путин акыркы жылдары Москвада жайгашкан “Борбордук клиникалык ооруканага” көп келе баштаганын айтышкан. Дал ушул ооркунада Орусинын бийлик өкүлдөрү өз ден соолугуна кам көрүшөт. Журналисттердин булактарына ылайык, Владимир Путинди дарыгерлердин “атайын тобу” карайт. Дал ушул эле топ президенттин иш сапарларында да коштоп жүрөт. 

Мамлекеттик сатып алуу контракттарын, Борбордук клиникалык ооуркананын жана Сочидеги мейманканалардын кабыл алуу актыларын салыштырып, журналисттер Путиндин Сочи шаарына болгон расмий сапарлары менен дарыгерлер тобунун келип жатканын аныкташкан. Алардын маалыматына ылайык, 2016-2017-жылдары Путинди беш дарыгер коштоп жүргөн. Бирок, айрым учурларда алардын саны бештен көп болуп турган.

Мисал катары алар 2016-жылдын ноябрында Орусиянын башчысы беш күн эл алдына чыкпай, ошол эле маалда 12 дарыгер Сочидеги “Русь” санаторийине жайгашып калганын келтиришти. «Проекттин» маалыматы боюнча, ал жерге Путиндин жеке дарыгерлеринин тобу, ошондой эле Борбордук клиникалык оорукананын операциялык нейрохирургдарынын тобу жана реабилитациялык адис келген. 

«Дарылоо, албетте, жакшы өттү. 1-декабрда Путин федералдык жыйынга кайрылуу жасаган. Бир жылдан кийин президент [нейрохирургиялык топтун жетекчиси] Олег Мышкинге Орусиянын Эмгек сиңирген дарыгери наамын ыйгарды», — деп айтылат иликтөөдө. 

«Проекттин» маалыматы боюнча, 2019-жылы, Путинди орто эсеп менен тогуз дарыгер — көбүнчө эки отоларинголог жана хирург коштоп жүргөн. Журналисттер президентти коштоп барган хирург онкология боюнча адистешкенин жана калкан безинин көйгөйлөрү менен алектенерин жазышууда. Ал эми отоларингологдор — бул калкан безинин көйгөйлөрүн аныктай алган дарыгерлер.

Кошумчалай кетсек, журналисттер Путин альтернативдик (элдик) медицинага да кызыкдар экенин айтышкан. «Проекттин» иликтөөсүндө, Путиндин таанышына шилтеме берүү менен, орус президенти маралдын жаш мүйүзүнүн экстракты менен жуунуп жатканы жазылган. Ага бул ыкманы Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу айтканы маалымдалат. 

«Бул мүйүздөрдүн экстракттары айыктыруучу таасирге ээ — адамдар үчүн пантокринди өндүрүү үчүн пайдалуу деп эсептелет», — дешет журналисттер.

Ошол эле учурда журналисттер Путиндин медицинанын бул түрүнө болгон кызыгуусун «кызык» деп аташат. Анткени анын кыздарынын бири Мария Воронцова Москва мамлекеттик университетинин медицина факультетин бүтүргөн, ал эми аталаш агасы Евгений Путин балдар хирургу болуп иштеген.

“Проекттин” булактарынын айтымында, медициналык чөйрөдө президенттин ден соолугуна байланыштуу сөздөр 2021-жылдын күзүнөн бери көбөйө баштаган.

Ал учурда Путин коронавирустун пандемиясынан улам, узакка созулган изоляциядан кийин ал коомдук иштерге арлаша баштаган. Бирок 13-сентябрда паралимпиадачылар менен жолугушуудан кийин ал кайрадан изоляцияга өткөн. 

Сентябрдын калган бөлүгүндө Путин эл алдына чыккан жок, бирок журналисттерде президентке медициналык жардам көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат жок. Журналисттердин айтымында, Путин  адамдар менен бир топ аралыкта, мисалы, узун столдун ар кайсы тарабында туруп, баарлаша баштаган.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Проекттин” иликтөөсүндөгү маалыматтарды четке какты.

«Мунун баары таптакыр туура эмес маалымат. Бул жерде баары чындыкка дал келбейт», — деп билдирген Дмитрий Песков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты