Путин Жапаровго Америка менен Украина маселесин кандай сүйлөшкөнүн айтып берди
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров 10-августта Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Владимир Путин Садыр Жапаровго украиналык кризисти жөнгө салуу маселеси боюнча америкалык тарап менен болгон жакынкы дипломатиялык байланыштарынын жүрүшү жөнүндө маалымдады.
Жапаров Путинге берген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул кризисти чечүүгө багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерди колдой тургандыгын билдирди.
Мамлекет башчылары аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле эл аралык жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү келечегин талкуулашты.
Муну бөлүшүү




