Путин Токаевге Орусия, Казакстан жана Өзбекстан катышкан биримдик түзүүнү сунуштады

  • 1 год мурун

Владимир Путин Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын катышуусунда үч тараптуу биримдик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев 28-сентябрда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолукканда билдирди.

«Бүгүн Владимир Владимирович менен үч тараптуу биримдик түзүү жөнүндө сүйлөштүк. Бул боюнча ал Өзбекстандын президентине телефон чаларын айтты. Тиешелүү жыйынтыкка жана макулдашууга келүү үчүн адистерибиз менен катар биз да бул теманы жакшылап түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек. Эмнеге болбосун», – деди Токаев.

Анын айтымында, мында биринчи кезекте газ тармагы боюнча кошумча макулдашууну жана сүйлөшүүлөрдү талап кылган маселелер бар.

Казакстандын президенти Орусияга расмий сапары менен 28-ноябрда барган. Мурдараак Токаев менен Путин Орусия менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгына карата Декларацияга кол коюшкан.

Казакстан дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн катарында Орусиянын Украинага аскердик кол салуусун айыптаган эмес. Астана ошол эле маалда Украинанын төрт облусунун аннексияланышын тааныган жок. Казакстан Украинага гуманитардык жардам жөнөтүп, анын аймактык бүтүндүгүн тааный турганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты