Путин Тажикстанга жана Түркмөнстанга барат

  • 2 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин ушул жума ичи Тажикстанга барат. Бул тууралуу «Россия 1» телеканалынын «Москва. Кремль. Путин» берүүсүндө кабарланды.

“Путин алгач Душанбеге барат. Ал жактан Тажикстандын президенти Рахмон (Эмомали Рахмон – ред.) менен сүйлөшүп, жумушчу түштөнүү болот”, — деп билдиришти программада.

Телеберүүдө билдиришкендей, Путин ушул жума ичи Каспий саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга барат жана Москвада Индонезиянын өлкө башчысы Жоко Видодо менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты