Путин Орусия Украинага танк бергендерге жооп кайтарарын айтты

  • 1 год мурун

Орусия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрү Украинага танктарды, анын ичинде немис өндүрүшүнөн чыккан «Леопарддарды» жеткиргени үчүн жооп кайтарарын эскертти.

Анын айтымында, “бронетехникаларды колдонуу менен иш бүтүп калбайт”. Бул тууралуу ал Сталинград салгылашындагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган кечеде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Путин Орусия кайрадан “жамааттык Батыштын агрессиясына каршы турууга” аргасыз экендигин белгиледи.

«Акылга сыйбаган көрүнүш, бирок факт: бизди кайрадан бортунда крести бар “Леопард” танктары менен коркутушууда. Бандерачылардын колу менен Украинанын жеринде кайрадан Орусия менен согушууга бел байлашууда», – деди Путин.

Украинага жардам берип жаткан Батыш өлкөлөрү жагдайды Экинчи дүйнөлүк согушка салыштырууга болбой турганын, бул сапар Орусия агрессордун ролунда экенин белгилешүүдө.

20-январда Германияда Украинанын өнөктөштөрүнүн катышуусунда «Рамштайн» форматындагы жыйын өткөн. Анда Украинага кезектеги аскердик көмөк берүү маселеси талкууланган.

АКШ 90 Stryker бронетранспортерун, 59 Bradley унаасын, Avenger абадан коргонуу системасын, 350 HMMWV машинесин жана 31 Abrams танкын берет. Германия Киевге 14 Leopard танкын берип, башка өлкөлөргө да Германияда жасалган танктарды жөнөтүүгө уруксат берди. Польша Украинага 14 Leopard жана башка 60 танк берет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты