Путин: Орусия озуна сокку урду

  • 2 года мурун

Орусия 24-февралда Украинага бастырып кирүү менен “озуна сокку урду » жана бул “жападан жалгыз туура кадам болду”. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта өткөн парад учурунда билдирди.

Орусия жана постсоветтик бир катар өлкөлөрдө Жеңиш күнү белгиленүүдө. 77 жыл мурун СССР нацисттик Германияны капитуляциялаганын жарыялаган.

Быйыл майрам Орусия Украинага кол салган маалда өтүп жатат.

Салттуу бир мүнөттүк үн катпоо — Ата Мекендик согушта курман болгондорго гана эмес, Одесса профсоюздар үйүндө “неонацисттердин аткылоосунан” мерт болгондорго жана Украинада өлгөн орус аскерине да жарыяланды. Путин курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга жардам берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жеңиш күнүнүн алдында бир катар британ жана америкалык басылмалар чалгындагы булактарына таянуу менен Путин Украинага согуш же жалпы мобилизация жарыялай турганын жазышкан. Путин мындай билдирүү жасаган жок.

Парадды коргоо министри Сергей Шойгу кабыл алууда. Аба ырайына байланыштуу парадда учактар учкан жок.

Бул арада Орусиянын көптөгөн шаарларында «Өлбөс полк» жүрүшү өтүүдө. Уюштуруучулар катышуучуларга Украинадагы согушта өлгөндөрдүн сүрөттөрүн да көтөрүп чыгууга уруксат берди.

“Өлбөс полкто” согушка каршы баракчаларды көтөрүп жүргөн кишилер, анын ичинде “Весна” кыймылынын мүчөлөрү кармалганы кабарланууда.

Украинада да бүгүн Жеңиш майрамы белгиленүүдө. Бирок жапырт иш-чаралар өткөн жок. Күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский гитлердик Германия менен азыркы Орусиянын окшоштугу жөнүндө айтып жатып, жакында Украинада эки күн Жеңиш майрамы белгиленерин, “бир жерде” бири да белгиленбей каларын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты