Путин: Орусия Казакстан аркылуу Өзбекстанга газ жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр

  • 2 месяца мурун

Орусия Казакстан аркылуу Өзбекстанга газ жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон «кеңейтилген форматтагы» сүйлөшүүлөрдө Путин 7-октябрдан тарта Казакстан аймагы аркылуу Өзбекстанга орус газы ташыла баштаганын белгиледи.

«Учурда экспорт графиктен алда канча эрте аткарылып жатат жана зарыл учурда биз бул көлөмдү көбөйтүүгө даярбыз», — деди Путин.

Украинага аскердик баскынчылык жасагандан бери Европада кардарларын жоготкон Орусия Борбор Азиянын бул эки өлкөсүнө газ сата баштаган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2023-жылы 7-октябрда – Путиндин туулган күнүндө Москвага учуп барган. Анда Токаев Путин жана Мирзиёев менен бирге Орусиядан Өзбекстанга Казакстандын аймагы аркылуу жана Казакстанга газ ташууну баштоо аземине катышкан.

Орус президенти Өзбекстанга эки күндүк иш сапары менен 26-май күнү кечинде барган. Путин бешинчи мөөнөткө шайланып, ант бергенден кийин Кытайда жана Беларуста болгон.

«Озодлик» радиосу эл аралык иликтөөлөр Өзбекстанды Орусияга санкцияланган товарларды ташып келүүдөгү негизги пункттардын бири катары көрсөтүп жатканын эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты