Путин 26-27-майда Өзбекстанда болот

  • 2 месяца мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-27-май күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

«Азырынча бүгүн-эртең Беларуста, жекшемби-дүйшөмбү күндөрү Өзбекстанда иш сапарда болорун айта алам», — деди Ушаков.

Апта башында Кремлдин басма сөз кызматы Орусия менен Өзбекстандын президенттеринин 21-майдагы телефондук сүйлөшүүсүндө Путиндин Ташкентке сапарына даярдык көрүү маселеси талкууланганын билдирген. Бирок анда сапардын датасы айтылган эмес.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы сапарга басым жасабастан, Путин менен Мирзиёевдин телефондук сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты