Прокурорлор үчүн төлөнчү кенемтенин көлөмүн азайтуу каралган мыйзам долбоору сунушталды

  • 11 месяцев мурун

Финансы министрлиги “Прокуратура жөнүндө” конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын тексти 30-майда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатып курман болгон же майыптык алган учурда алардын үй-бүлөлөрүнө бир жолу төлөнчү жөлөкпулдун суммасын кыскартуу каралган. Мунун максаты өлкөнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу экени негиздеме көрсөтүлөт.

Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин 20 жылдык эмгек акысына тең кенемте төлөнөт. Жаңы документте маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына тете кенемте берүү сунушталган.

Кызматкер I топтогу майып болуп калса мурда 10 жылдык эмгек акысы төлөнчү, жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй ага 10 айлык маянасы топтолуп бир берилет. II топтогу майып болуп калган кызматкер буга чейин 8 жылдык маянасын алса, эми 8 айлык маянасын чогултуп жөлөкпул катары алат. III топтогу майып болуп калган укук коргоо кызматкерге 5 жылдык маянанын ордуна 5 айлык маянасы колуна тийет.

15-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Бакирдин Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

Комитет жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам боюнча иш учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөсүнө алардын 20 жылдык айлыгына тете кенемте төлөнөрүн айткан.

Депутаттар кызмат учурунда каза тапкан прокурорлорго бериле турган кенемте өтө эле көп экенин айтып, мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүшкөн. Маселе коомчулукта да талкууланып, социалдык тармактын колдонуучулары да кенемтенин суммасы көп экенин жазып чыгышкан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы иш учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорго эле эмес, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине да төлөнөрүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты