Прокурордук чара көрүү актысы менен мамлекетке 33 миллион сом кайтарылды

  • 2 года мурун

Ош облустук прокуратурасы тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган бажы органынын кызматкерлери тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында бажылык коштоо үчүн 32 миллион 925 миң 200 сом өлчөмүндө жыйымдар чогултулуп, кийин атайын бажы эсебине чегерилгени аныкталган. Ал эми, мыйзамдарга ылайык, бул жыйымдар республикалык бюджетке алынууга тийиш.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде Түштүк-Батыш бажысы тарабынан көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен республикалык бюджетке кайтарылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты