Прокуратура: «Жумгалдагы объектти өз убагында бүткөрбөгөн ЖЧКга карата кылмыш иши козголду»

  • 2 года мурун

Жумгал районундагы объектти өз убагында бүткөрбөгөн ЖЧКга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “D.” ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери Жумгал районунуна караштуу Байзак айылынын ветеринардык – профилактикалык борборун жана күпкөнү (купочная ванна) курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды.

2019-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде аталган ЖЧКга 1 миллион 448 миң 233 сом акча каражаты толук которулгандыгына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин курулуш бүткөрүлбөй, мамлекетке 1 миллион 448 миң 233 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты