Прокуратура «Ысык-Ата» санаториясында 13 миллион сом мыйзамсыз чыгарылганын кабарлады

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан “Ысык-Ата” санаториясында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Анда санаториянын мурунку мүдүрү О.А. жана санаториянын айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен алардын материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 миллион 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.

Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерди түзүшүп, санаторияга 1 миллион 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен», — деп жазылат маалыматта.

Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты