Прокуратура укук коргоочу Камил Рузиевдин акталышына каршы облустук сотко кайрылды

  • 2 года мурун

Каракол шаардык сотунун укук коргоочу Камил Рузиевди актаган өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен прокуратура облустук сотко кайрылды. Бул тууралуу Рузиев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Буга чейин мага мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Ысык-Көл облусунун прокурорунун орун басары Кубанычбек Муратбеков облустук сотко мени актаган шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарууну сурап кайрылды. БУУнун, Акыйкатчы институтунун, Тең укуктуулук үчүн коалициясынын кылмыш ишин токтотуу, кыйноо фактысын натыйжалуу иликтөө чакырыгын эске алган жок»,- деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Рузиевдин дооматы тууралуу прокуратура органдары жана Кубанычбек Муратбеков азырынча комментарий бере элек.

Каракол шаардык соту 12-августта Камил Рузиевди актаган жана укук коргоочу анын ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарылганын билдирген. Сотто мамлекеттик айыптоочулар аны күнөөлүү деп таап, беш жылга кесип, бирок мунапыс менен бошотуу өтүнүчүн келтиргенин маалымдаган. Ага карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты