Прокуратура: Сокулукта почта кызматкерлери пенсия жана пособиеден дээрлик 1 млн сом кымырып алышкан

  • 2 года мурун

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалынын кызматкерлери пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдөн 985 миң 651 сом акча кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук прокуратурасы “Кыргыз почтасысынын” Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында аталган мекеменин кызматкерлери 985 миң 651 сомду кымырып алганы аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С., котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесине (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) ылайык жоопкерчиликке тартылды.

Тергөө учурунда келтирилген зыяндын орду толугу менен өндүрүлүп, иш Сокулук райондук сотуна жиберилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты