Прокуратура: Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген дагы бир фактыны аныктаганын билдирди.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлигинин жана ага караштуу Улуттук госпиталдын кызмат адамдары 2021-жылы май-ноябрь айларында иммуносупрессивдүү дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу үчүн тендердик сынактын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарышкан.

«Мындан тышкары «Ю.Х.» ЖЧКсын сынактын жеңүүчүсү деп мыйзамсыз таап, 41,1 млн. сомго дары-дармекти сатып алуу боюнча атайылап пайдасыз келишим түзүшкөн. Анын кесепетинен 4 млн. 508 миң 975 сом мамлекеттик казынага зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амаладып жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда коррупцияга шек саналып кармалып, бир айга камалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш ишин козгогоду. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды.

Президент Садыр Жапаров 4-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтетти. Мындай чечим эки чиновниктин жеке мамилесинен жана тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты