Прокуратура: “Оштун “Токтогул” паркындагы “Изюм” конок үйү мыйзамсыз курулган”

  • 2 года мурун

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура” мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Ош шаарындагы “Токтогул” эс алуу паркынын аянтына Н.Т. аттуу жаран Ош шаарынын мэриясынын муницупалдык менчик башкармалыгынын балансында турган жер аянтына 3 кабаттуу “Изюм”  конок үйүн мыйзамсыз түрдө куруп алгандыгы аныкталган.

Ал эми мурдагы Мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу максатын көздөп, парктын ичине капиталдык курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүн билип туруп, конок үйүн пайдалануу үчүн кабыл алышкан.

Бул факты боюнча “Изюм” конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты