Прокуратура: «Нарын курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен мамлекетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген»

  • 2 года мурун

Нарын курулуш башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен мамлекетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт залын курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды.

Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 4 миллион 473 миң 536 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча облустук прокуратура тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты