Прокуратура: «Лицейдин кызматкерлери өздөрүнө 9 эсе ашыкча айлык алып жүргөндүгү аныкталды»

  • 2 года мурун

Талас облустук прокуратурасы тарабынан №13 кесиптик лицейде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен финансылык мүнөздөгү бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 2019-2021-жылдары лицейдин айрым кызматкерлери өздөрү үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бекитилген тарификациялык тизмелерге карабастан, жалпы 2 млн. 497 миң 254 сом ашыкча маяна алышкан.

Мисалы, тарификациялык тизмеге ылайык лицейдин башкы бухгалтери К.Т. 2021-жылдын июль айы үчүн маянасы 7553 сомду түзсө, анын иш жүзүндө алган эмгек акысы 73 миң 615 сомду түзүп, 9 эсе көп болгон.

Жогорудагы факты боюнча Талас облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты