Прокуратура: «ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 3 миллион сомдон ашык каражатты өздөштүрүп алышкан»

  • 2 года мурун

ИИМдин күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 3 миллион сомдон ашык каражатты өздөштүрүп алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратура тарабынан пландык иш-чаранын негизинде Аксы райондук күзөт бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, аталган бөлүмдүн кызмат адамдары өздөрүнүн  кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен бухгалтердик отчеттордо жалган маалыматтарды көрсөтүшүп, өздөрүнө мыйзамсыз ашыкча эмгек акыларды алышкан жана жеке ишкерлер менен ич ара сүйлөшүү жолдору менен жалгандан мамлекекеттик сатып алууларды өткөрүшүп, бюджеттик акча каражаттарды накталай түрдө өздөрүнө синирип алышкан, анын жыйынтыгында мамлекетке 3 191 947  сом зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты