Прокуратура: Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча дагы 2 кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, Бишкек шаарынын Ынтымак конушунда курулган 3 жана 2 кабаттуу турак жайларды кабыл алуу жөнүндө ырастоо берип коюшкандыгы аныкталган. «Бишкек шаарынын архитектура курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, аталган имараттар курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилген эмес. Андан соң, ээлери үйлөрдүн профилин жана планын өзгөртүшүп, көп батирлүү турак жай катары уруксат кагаздарын алып алышкан. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам көп батирлүү турак жайлар эч кандай тийиштүү мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлбөстөн жана эксплуатацияга кабыл алынбастан колдонулуп, жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилген», — деп жазылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мэриянын аталган башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 2 кылмыш иши козголуп, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты