Прокуратура: Бишкекте 165 миллион сомдук жер тилкеси боюнча махинациялык аракеттер аныкталды

  • 1 год мурун

Бишкекте 165 миллион сомдук жер тилкеси боюнча махинациялык аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын, «Бишкекбашкыархитектура» жана»Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген коррупциялык фактылар аныкталды.

«2007-жылы жогоруда аталган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, формалдуу түрдө аукцион өткөрүп, жеңүүчү деп А.Э.Ж. аттуу жаранды аныкташып, ага Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин 5,5 миллион сомго мыйзамсыз сатышкан. Андан кийин аталган жаран жер тилкени К.Н. ЖЧКсына саткан. Ал эми жалпы аянты 0,97 гектар жер тилкесинин базар баасы 165 миллион 737 миң сомду түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда К.Н. ЖЧКсы тарабынан бул жер тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп келет.

Жогоруда аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты