Прокуратура: «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын директору кармалды

  • 2 года мурун

«Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык прокуратурасы шаардык санитардык полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу кылмыш ишин тергеп жатат.

Тергөө чараларынын жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмышты жасоого шектелип, «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аны менен катар борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимов жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу сырттан айыбы угузулган.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган тергөө аракеттерин улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты