Прокуратура: “Аскер Курулуш” ишканасынын директору коррупцияга шектелип кармалды

  • 7 месяцев мурун

Башкы прокуратура “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору, куруучусу жана башкы энергетиги коррупцияга шектелип кармалганын кабарлады.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, Коргоо министрилигинин жана “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп, Нарын облусунун Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө аткарылган иштердин наркын жогорулатып көрсөтүшкөн. Натыйжада мамлекетке 3 млн 362 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору С.Дж., аталган ишкананын куруучусу Т.А. жана башкы энергетиги Н.Н. кармалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты