Аскер госпиталында миллион сомго жакын акча каражаты уурдалганы аныкталды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы аныкталганын билдирди.

«Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өз эсебине бюджеттик каражаттарды которуп алганы аныкталды», — деп айтылат прокуратура тараткан маалыматта.

Маалыматка ылайык, мунун айынан мамлекетке 965 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»), 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты