Президенттин жардамчысы Нью-Йорк шаарында түшкөн сүрөтүнүн чоо-жайын түшүндүрдү

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарда Нью-Йорк шаарынын көчөлөрүнүн биринде дүкөн кыдыргандан кийинки, чоң пакет кармап түшкөн жаш адамдардын сүрөттөрү жарыяланып, ал талкууга түшкөн. Сүрөттөрдө Президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаев да түшкөндүгү маалым болгон.

Эрнис Ашырбаев Фейсбук баракчасында ал сүрөттү мындайча комментарийледи:

-Урматтуу достор, менин сүрөтүм талкууга алынып жатыптыр. Анда, “мамлекеттин акчасына талтаңдап Америкада жүрөт” деген каралоо кошумчаланган.
Мен жеке иштериме байланыштуу, өз каражатым менен келип Америкада жүрөм, өлкө башчыбыздын иш-сапарына тиешеси жок.
Азыр мүмкүнчүлүктөр кенен, “Манас” аэропортунан деле кимдин кайсы мезгилде учуп кеткенин оңой эле тактап алса болот.

Туугандар, Нью-Йоркко биринчи жолу келдим, адам таасирленет экен, жаңылыктарды көрүп сүрөткө түшкүсү келет. Ал жактагы карындашым, студент курбу-достору менен тосуп алган, алар менен сүрөткө түшүп койдум. Менин ордумда сиздер деле сүрөткө түшөр элеңиздер. Сүрөткө түшүп койгонум сиздерге абдан жагымсыз болуп, эмоцияңыздарга терс таасир берип жатсам, анда кечирим сурайм,-деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Президенттин жардамчысы Эрнис Ашрбаев бир топ жаш адамдар менен, Нью-Йоркто, дүкөн кыдыргандан кийинки чоң пакеттер менен түшкөндөрдүн арасында болгон.

Помощник президента прокомментировал фото с шопинга в Нью-Йорке

Бүгүн, 20-сентябрда, Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюумунун башкы ассамблеясынын дебаттарынын сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты