Президенттин жана УКМК төрагасынын жакындарынын мыйзамсыз аракеттери боюнча расмий маалымат берилет

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алакөзов президенттин жана УКМК төрагасынын жакындарынын мыйзамсыз аракеттерге баруусу тууралуу расмий маалымат берилерин Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.   

“Бир нече маалымат сайттары президент Садыр Жапаровдун жана МинКаб төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты. Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет” деди Алакөзов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын бир катар ЖМК жеке булактарына таянып, жазып чыкты.

Президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абак жайында бир айдан бери жатат. Биринчи май райондук соту аны 19-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарганын бир катар ЖМК өз булактарына шилтеме берип жазды.  

Сүрөттө: басма сөз катчы Аскат Алакөзов. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты