Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды

  • 2 года мурун

«Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыктын аткарылышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Кеңешмеде президент тарабынан кабыл алынган чечимди Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына кайрылып, президенттин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы ар кандай үй-бүлөлүк майрамдарды, эскерүү ырым-жырымдарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды кыскартууга багытталгандыгын белгиледи.

«Калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштери улантылышы керек. Ар бирибиз үй-бүлөлүк майрамдарда жана маркумду эскерүү иш-чараларында негизсиз ысырапкорчулуктун зыяндуулугун жана акылга сыйбастыгын түшүнүшүбүз керек, мунун айынан айрымдар карызга батып, карыздан көп жылдар бою кутулууга туура келүүдө», — деди Айбек Жунушалиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты